Abank
SerepTV Logo

Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында унаа кыймылына чектөө киргизилет

Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянтында унаа кыймылына чектөө киргизилет
Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билидиришти. 17-марттан 22-мартка чейин Чүй проспектиси, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин, Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Абдымомунов көчөсүнөн Чүй простпектисине чейин жабылат Милициянын кайгуул кызматы, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайт.