Нооруз: "Ала-Тоо" аянтына боз үйлөр тигилди
"Ала-Тоо" аянтына боз үйлөр тигилип, Нооруз майрамына карата даярдыктар көрүлүүдө. Майрамдык салтанатка президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүп жатат.
Саат 12:30дан 17:00гө чейин шаардыктар үчүн концерттик программа, жарманке, искусство көргөзмөсү, спорттук оюндар жана улуттук каада-салттардын көргөзмөсү болот.