Abank
SerepTV Logo

Ноокенде Динара Каримова дээрлик 20 күндөн бери дайынсыз болууда

Ноокенде Динара Каримова дээрлик 20 күндөн бери дайынсыз болууда
Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-август күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда Динара Каримованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара кыска. Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим. Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин номурга кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Номурлар: (03734) 5 05 44,  0755 66 62 88.