Abank
SerepTV Logo

Назарньюс сайтынын башкы редактору айыптар менен макул эместигин билдирди

Назарньюс сайтынын башкы редактору айыптар менен макул эместигин билдирди
Кечээ, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Назарньюс маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын камактагы шарттарына көз салуу үчүн СИЗО-1ге барышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.
"Журналист институттун кызматкерлерин көргөндө ыйлап, стресске кабылганын айткан. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнө жеке жактоочуга муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн - тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүү учурунда журналист өзүнө" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/nazar-news-saitynyn-bashky-redaktoru-48-saatka-kamalgany-aityldy/">өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Ал камактагы шарттарга нааразы болгон эмес. Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден-соолугу канааттандырарлык экенин жана эч кандай дары-дармектерге муктаж эмес экенин да айткан. Анын айтымында, ал болгон окуяга абдан кабатыр. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Назарньюс сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеванын ишин өз көзөмөлүнө алды.