Royal
SerepTV Logo

Нарындагы базарлар да ижара акысын арзандатат (видео)

Нарындагы базарлар да ижара акысын арзандатат (видео)
Нарын облусундагы соода жана оюн-зоок комплекстеринин ижара акысын арзандатуу боюнча УКМК маалымат берди. Аталган дубандын ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды: - “Абдырай-Ата” (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган; - “Береке” (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган; - “Он-Арча” (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган; - “Мегакомфорт” (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган; - “Эки-Нарын” (Нарын), А.Адучуевага катталган; - “Чойбек-Ата” (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган; - “Чолук-Ата” Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган; - “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган; - “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган; - “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган; - Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), Б.Бейшенбековго катталган; - “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев; - Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган; - Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковго катталган; - “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов; - “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган; - “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов; - Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков; - “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова жана башка. "Соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар менен акысыз камсыз кылышат", - дешти.