Abank
SerepTV Logo

Нарында милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти

Нарында милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти
Ак-Талаа районунун милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 2022-2023-окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, ал эми балдарына окуу куралдарын алып беришкен. Мындан тышкары райондун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте ички, тышкы мигранттардын балдарын текшерүүгө алып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="133780,133781,133782,133783,133784"]