Нарында 10 жылдыктар жалгыз бой энеге үй белек кылышты (видео)
Нарындык 1995-жылы туулган жигиттер мектепти аяктаганына 10 жыл болгонуна карата жалгыз бой энеге үй белек кылышты. Бул тууралуу “Спутник” жазды.
Маалыматка караганда, Мадина Курманалиевага төрт бөлмөлүү үй белек кылышкан.
Келин - эки баланын энеси, улуусунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар буга чейин таякесинин эски үйүндө жашап келишкен.
Саамалыкты улантуу максатында жигиттер "Ынтымак" эстафетасын Нарын шаарында 1996-жылы туулган жаштарга өткөрүп беришкен.