Abank
SerepTV Logo

Бишкек-Торугарт унаа жолунда чатыр тигилип, тамак-аш берилип жатат

Бишкек-Торугарт унаа жолунда чатыр тигилип, тамак-аш берилип жатат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Нарын облустук башкармалыгынан 2 офицер КамАЗ унаасы менен 2 чатыр тартылган. Жеринде жылынуучу пункт уюштурулуп жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш берилүүдө. Ошондой эле жылынуучу пункт Кочкор районунун Тендик айылында уюштурулган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="164711,164712,164713"]