Нариман Түлеев пайдубалга ырымдап 5 миң сомдукту салып жаткан видеосу менен бөлүштү
Борбор калаанын мурдагы башчысы, экс-депутат Нариман Түлеев бүгүн, 21-мартта майрам күнү курулушчуларда эс алуу жок экенин айтып, видео менен бөлүштү.
"Майрам келди, баарын куттуктайм, бирок курулушчуларда эс алуу жок. Бүгүн бетон куюп баштадык", - деп жазып, пайдубалга ырымдап 5 миң сомдукту салып жаткан видеосу менен бөлүштү.
Саясатчынын айтымында, имарат курулууда, анын бир бөлүгү 20 кабаттык, экинчи бөлүгү 6 кабаттык болот. Жаңы курулган имараттарда кафе-ресторандар, коворкинг-борборлор, кеңселер, мейманкана болору пландалууда.
width="269" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">