Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун эки чакырымдык тилкесинде асфальт-бетон төшөлдү
Ош облусунун Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку унаа жолунун 41-43,2 чакырымдык бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Анда жалпы узундугу 2 чакырым 200 метр асфальт-бетон төшөлдү. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан маалымдашты.