Abank
SerepTV Logo

"Мындай адамдын жашоого укугу жок". 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүнүн көчүп кетүүсүн, үйүн сүрдүртүүнү талап кылышты

"Мындай адамдын жашоого укугу жок". 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүнүн көчүп кетүүсүн, үйүн сүрдүртүүнү талап кылышты
Кечээ, 21-ноябрда Сузак районунун Сасык-Булак айылында 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын үйүнө айыл тургундары барышып, шектүүнүн үй-бүлөсүнүн көчүп кетүүсүн талап кылышты. Маркумдун таякеси сүйлөп жатып, үйүн сүрдүрүү керектигин да айтты. "Мындай адамдардын жашаганга укугу жок. Үйүн сүрдүртүп, тегиздеп койсун. Бул үйдү жок кылгыла", - деди ал. Алар ошондой эле Бишкек-Ош жолун тосуу аракетин кылышты. Жолду 5-10 мүнөттөн кийин кайра ачышты. "Мага окшогон энелер кыйналбасын. Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылам", - деди кыздын апасы. Айыл тургундары да кооптонуп жатышканын айтып, өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышты.
  • Милицияга Масы айылындагы Алаш сайында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/nookende-kutkaruuchular-ayaldyn-jansyz-denesin-suudan-tabyshty/">кабарланган.  Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган жаран кармалган.