Мыктыбек Абдылдаев Курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды
Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. "15-декабрдагы жыйналыштын протоколунун негизинде Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды",- деп айтылат маалыматта.