Мурдагы министр Кутманова баласынын уурдалганын айткан. ИИМ эмне дейт?
Кутманов 29-майда Казакстанга кеткени аныкталган. Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал ошол эле күнү Вьетнамга учуп кеткен. 13-июнда Кутманов Алматыга кайтып келип, андан кийин Москвага учуп кеткен. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кутманов 14-июнда Дубайга учуп, 19-июнда Орусияга кайтып келгендигин аныктаган. Андан соң Түркияга учуп кеткен. Маалым болгондой, Кутманов 10-июлда Стамбул полициясына кайрылып, уурдалганын билдирген.
«Бирок түрк полициясы уурдоо фактысын тастыктаган жок», — деп белгиледи Ички иштер министрлиги.
«11-июлда Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы жетекчисинин уулу миграция кызматы тарабынан кармалган. Эми аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына депортациялоо маселеси чечилип жатат», - деп жыйынтыктады ИИМ.
Буга чейин УКМК Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фондунун» кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, мурдагы министрдин жакындары, кесиптештери жана үй кызматкери кармалган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/murdagy-ministr-dinara-kutmanovanyn-tuugandary-kesipteshteri-jana-yi-kyzmatkeri-karmaldy/">кармалган. Андан соң, Кутманова баласы уурдалганын жазып чыккан.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/07/photo_5901097332139733319_y.jpg" alt="" width="1000" height="562" />