"Мурдагы милиция кызматкери". Чүйдө кемпирди зордуктоо боюнча иш дагы эле жылбай жатканы маалым болду
2016-жылдан бери зордуктоо боюнча бир иш каралып, бирок ал жылбай жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында жактоочу Тилек Токтакунов билдирди.
"Зордуктоого 1945-жылы туулган апа кабылган. Азыр 78 жашта. Биз бул боюнча буга чейин да маалымат бергенбиз. 2016-жылы 29-августта иш козголуп, ушул күнгө чейин чечилбей келет. 2018-жылы сот болгон. Шектүү 6 жылга эркинен ажыратылган. 3 жыл шарттуу кылып кесип берген. Экинчи тарап кайра арызданып, кайра тергөөгө суратып алышкан. Иш тергөөдө жатат, сотко келген жок", - деди ал.
Жактоочу шектүүнүн мурдагы милиция кызматкери экенин айтты. "Кылмышка шектүү Аламүдүн РИИБдин мурдагы кызматкери болуп жатат. Ошондуктан иш жылбай жатат", - деди ал.