Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү сот отурумунда заара ушатып койду
Кечээ, 25-январда Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайынын кулагын жана мурдун кескилеген деп айыпталган Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн иши боюнча соттук отурум уланды.
Аселдин жакыны Диана Елкен социалдык баракчасына жазгандай, соттолуучу дагы бир жолу психикалык жактан жабыркаганын далилдөө үчүн соттук отурумда заара ушаткан. "Ал өзүн психикалык жактан оорулуу кылып көрсөтүү үчүн шымына заара ушатты. Ал сотту манипуляциялап жатат. Бул абдан эски амал, зордукчулар психикалык жактан ооруп калгандай түр көрсөтүшүп соттолбой, дарыланууга жиберилет», - деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram