Abank
SerepTV Logo

Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков акыркы сапарга узатылды

Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков акыркы сапарга узатылды
Бүгүн, 12-июлда мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган. 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты. 1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган. 1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген. 1996-2000-жылдары Өкмөткө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген. 2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы. 2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 2007-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.