Abank
SerepTV Logo

Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков 74 жашында каза болду

Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков 74 жашында каза болду
Мурдагы элчи Жаныш Рустенбеков 74 жашында каза болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган. 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты. 1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган. 1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген. 1996-2000-жылдары Өкмөткө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген. 2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы. 2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 2007-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.