Abank
SerepTV Logo

Мурдагы депутат Аалы Карашевдин апасы көз жумду

Мурдагы депутат Аалы Карашевдин апасы көз жумду
Мурдагы депутат Аалы Карашевдин апасы Калия Карашева 76 жашында көз жумду. Карашева Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыктысы, белгилүү кол өнөрчү жана сүрөтчү болгон. Ал 1946-жылдын 5-июлунда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында туулган. Бишкек шаарындагы №5 Пушкин атындагы орто мектебинде билим алып, окууну Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда улантып, аны 1969-жылы аяктаган. Ош облусунда 30 жыл орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген.