"Мурас Юнайтед" клубунун футболчулары Жалал-Абад шаарына келишти
Бүгүн, 19-мартта "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун оюнчулары Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Аларды аэропорттон облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, калаа мэри Эрнисбек Ормомоков жана клубдун жетекчилери тосуп алышты. Бул Жалал-Абад облусунун тарыхындагы алгачкы футболдук курама команда. Алар 21-март күнү шаардагы Курманбек стадионунда биринчи оюнун өткөрүшөт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="169917,169913,169914,169916,169915"]