Москвада метродо төрөгөн кыргыз келин баласынан баш тарткан жок. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги келиндин туугандарынын айтуусуна таянып билдиришти.
Буга чейин метродо көз жарган 29 жаштагы келиндин төрөтүн полиция кызматкерлери менен метродо гезит саткан аял кабыл алганы, 3 килограмм салмактагы дени сак эркек бала төрөлгөнү тууралуу жазганбыз. Андан соң орус маалымат булактары келин ымыркайдан баш тарткандыгы тууралуу маалымат таратышкан.