Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкектеги коомдук транспорт аялдамаларына жол белгилери түшүрүлүүдө

Бишкектеги коомдук транспорт аялдамаларына жол белгилери түшүрүлүүдө
 
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы тарабынан борбор калаадагы коомдук транспорт аялдамаларына жол белгилерин түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аялдамалардын аймагына коомдук транспорт үчүн арналган А1, А2 жана А3 белгилери, ошондой эле такси токтоочу жайын көрсөтүүчү «Т» белгиси түшүрүлүүдө. Аталган иштер транспорт каражаттарынын аялдамаларга токтоосун иретке келтирүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
SEREP MEDIA