Abank_nov
SerepTV Logo

Кыргызстанда аңчылык жүргүзүү 2026-жылдын 13-декабрга чейин белгиленди

Кыргызстанда аңчылык жүргүзүү 2026-жылдын 13-декабрга чейин белгиленди
 
Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык жүргүзүү «Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 55 токтому менен бекитилген Аңчылык эрежелерине ылайык жөнгө салынат.

2026-жылдагы аңчылык сезону 15-августтан 13-декабрга чейин белгиленген. Мында жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрүнө карата аңчылык кылуу мөөнөттөрү өзүнчө аныкталат. Сибирь тоо текесине, эликке, каманга, кыргоолго жана кекиликке аңчылык кылууга белгиленген мөөнөттөрдү жана лимиттерди сактоо, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде гана жол берилет. Жыл сайын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга 150 башка чейин лимит каралат. 2026-жылы аркар-кулжаны олжолоого 133 башка уруксат берилген. Мыйзамдуу аңчылык жүргүзүү үчүн мергенчилик күбөлүгү, жолдомо жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер талап кылынат.

Жаныбарлардын айрым түрлөрүн мыйзамсыз атып алган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралган:
- Ак илбирс — 2 000 000 сом;
- Аркар-кулжа — 1 500 000 сом;
- Марал — 1 500 000 сом;
- Күрөң аюу — 1 500 000 сом;
- Сибирь тоо текеси — 300 000 сом.
SEREP MEDIA