Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкектин Махатма Ганди жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер курулууда

Бишкектин Махатма Ганди жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер курулууда
 
Махатма Ганди (мурдагы Муром) жана А.Масалиев (мурадыгы Чортеков) көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скверди куруу долбоорунун алкагында курулуш-монтаждоо иштери улантылууда. Подрядчы уюм — «Лидер Хаус» компаниясы.

Бүгүнкү күндө 3 700 чарчы метрден ашык аянттагы жердин үстүңкү катмары 25 сантиметр тереңдикте алынган. Аймакка топурак жеткирилип, тротуарлардын негизин даярдоо жана тыгыздоо иштери аткарылган. Ошондой эле 1 200 даана тротуар бордюру орнотулган. Мындан тышкары, воркаут-зона жана балдар оюн аянтчасы үчүн негиздер даярдалып, В-2-2 үлгүсүндөгү 48 даана сугат лотогу орнотулган.

Курулуш иштери аяктагандан кийин аймакта тургундардын эс алуусуна, сейилдөөсүнө, спорт менен машыгуусуна жана балдардын көңүлдүү убакыт өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарттары бар заманбап сквер пайда болот.
SEREP MEDIA