Москвада жакындары тарабынан сабалган 10 жаштагы кыз соцкызматкерлердин көзөмөлүндө
Москвада туугандары тарабынан сабалган он жаштагы кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Өзгөн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн адистери тарабынан зомбулукка кабылган кызды жеке коргоо боюнча иш планы түзүлгөн. Өспүрүм Кыргызстанга кайтып келген.
Кызды 41 жаштагы атасы менен 33 жаштагы апасына кызын тарбиялоодогу милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Министрликтен билдиришкендей, бүгүнкү күндө баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө.