Abank
SerepTV Logo

Мобилдик клиника Баткендеги чек арада жайгашкан райондорго жөнөп кетти. График

Мобилдик клиника Баткендеги чек арада жайгашкан райондорго жөнөп кетти. График
3-октябрдан 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-21-октябрь аралыгында мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат. Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги: 1. 3-4-октябрь - Кулунду а/ө - Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” аталышындагы орто мектеп 2. 5-6-октябрь - Кулунду а/ө - Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ 3. 9-10 октябрь – Ак-Суу а/ө - Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ 4. 11-12-октябрь  – Катран а/ө - Катран айылы – Ата-Журт аянты Баткен районунда мобилдик клиника Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат. Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги: 1. 13-14-октябрь – Ак-Татыр а/ө - Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ 2. 16 -17-октябрь – Ак-Сай а/ө - Көк-Таш айылы – Көк-Таш ОМ 3. 18-19-октябрь – Суу-Башы а/ө - Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы 4. 20-21-октябрь – Төрт-Гүл а/ө - Ак-Турпак айылы – №12 ҮДТ