Министрликтин имаратынын жанында Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү
Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылган митинг өттү. Каршылык акцисына 4-оорукананын дарыгерлери жана бейтаптардын жакындары чыгышты.
"Министрге байланыштуу ызы-чуудан улам биздин операцияларды токтотуп коюшту. Биз Сабырбек Жумабековду жайына коюшун талап кылабыз. Ал иштей берсин. Бизге Алымкадыр Бейшеналиевдин реформалары керек эмес. Андан көрө отставкага ошол кетсин", - деди митингге катышкандардын бири.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="96322,96329,96323,96333,96330,96331,96332,96328,96334,96336"]
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekov-kyzmatsyz-kalyshy-mymkyn-sebebi/">алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-4-oorukananyn-aldynda-medkyzmatkerlerdin-mitingi-otyp-jatat/">өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ministr-sabyrbek-jumabekov-kyzmatynan-boshotuldu/">алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekovdun-orduna-daiyndalgan-jany-direktordu-oorukanaga-kirgizbei-koyushtu-video/"> киргизбей коюшту.