Royal
SerepTV Logo

Министрлик Орусияда кыргызстандык кыздын 6 жылдан бери зордукталып келгени тууралуу маалыматты тактап жатат

Министрлик Орусияда кыргызстандык кыздын 6 жылдан бери зордукталып келгени тууралуу маалыматты тактап жатат
Кечээ, 30-майда Орус маалымат каражаттары Санкт-Петербургда кыргызстандык өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап жүргөн деп шектелип жатканын жазып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/sankt-peterburgda-kyrgyzstandyk-ogoi-kyzyn-6-jyldan-beri-zorduktap-jyrgon-dep-shektelyydo/">жазып чыгышты. Окуя боюнча ТИМден маалымат беришип, маселе Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө экенин билдиришти. "Элчиликтин Канцеляриясы тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө",- деп айтылат маалыматта.