Royal
SerepTV Logo

Министрлик 8-марттан баштап жарыкты өчүрүүнү токтотконун билдирди

Министрлик 8-марттан баштап жарыкты өчүрүүнү токтотконун билдирди

Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жөнгө салуу иш-чараларын токтотту. Анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 8-мартта өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 миллион 117 миң кВт/саатты түзгөн, өткөн күндөрү электр энергиянын орточо суткалык керектөөсү 70 миллион кВт/саатка чейин жеткен", - дешти.