Abank
SerepTV Logo

Министрлер кабинети айрым керектөөчүлөр үчүн тарифти 35 пайызга көтөрдү

Министрлер кабинети айрым керектөөчүлөр үчүн тарифти 35 пайызга көтөрдү
Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү буйрук Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Белгиленгендей, өзгөртүүлөр ишканаларга тиешелүү. Азыр Министрлер кабинети тарифтерди 35 пайызга көтөрүүдө. Жаңы тариф 1 кВт/саат үчүн 340 тыйынды түзөт. Жаңы тарифтер токтом жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин, башкача айтканда, 2022-жылдын 28-декабрынан тартып күчүнө кирет.