Abank
SerepTV Logo

Министрдин орун басары: "Көбүнчө толук эмес үй-бүлөлөрдөн барган аскерлер суицидге барышат"

Министрдин орун басары: "Көбүнчө толук эмес үй-бүлөлөрдөн барган аскерлер суицидге барышат"
"Акыркы 5 жылда армияда өз жанын кыйгандардын саны азайды". Бул тууралуу Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов парламенттин комитеттик жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандардын аскерде кызмат өтөп жаткандагы жүрүм-туруму алардын моралдык-психологиялык абалына байланыштуу. «Терс жагдайлар жоокердин психологиялык абалына байланыштуу. Көбүнчө толук эмес үй-бүлөдө чоңойгондор суицидге барышат. Акыркы 5 жылда армияда өлүм азайган тенденция байкалууда”, - дейт Алмазбек Карасартов.