Министрдин орун басары: "Өлкөдөгү бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт"
"Саламаттыкты сактоо министрлигинен сасык тумоо менен ооругандар көп катталып жатканы боюнча кат келди",- деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Биз республиканын бардык мектептерин 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүп жатабыз», - деди ал. Ал башка маалымат берген жок.