Abank
SerepTV Logo

"Мен Кудайдын баласымын". Таласта эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары табылбай жатат

"Мен Кудайдын баласымын". Таласта эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары табылбай жатат
Кара-Буура милициясы жансыз денеси табылган жарандын аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. 4-сентябрь күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн. Анда медайым ​1985-жылы туулган Тагдыр аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага түшкөндүгүн билдирген. Аталган​ билдирүү ​катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Кара-Буура РИИБдин ыкчам тергөө тобу маркум Тагдыр аттуу жарандын убактылуу жашап жаткан, Чымгент айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кызыл-Өтүк аталышындагы жерде орун алган мал сарайга кароо жүргүзүлгөн. Жансыз денеге сырткы кароо жүргүзгөн учурда, анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун​ жана кандайдыр бир жаракаттын белгилери жок экендиги аныкталган. Маркум Тагдыр аттуу жарандын боюнун узундугу 175 сантиметр, дене түзүлүшү-орто,​ болжолдуу менен 35-42 жаш курагында, чачы кара түстө, сакалы кара түстө, тиштери бүтүн абалда (алтын, күмүш, салынма тиштери жок), денесинде эч кандай сүрөт, тырык жана жаракаттан калган издер аныкталган жок. "Ал малчы болуп​ 2019-жылдын күз мезгилинен бери жалданып иштеп жүргөн. ​"Мен Кудайдын баласымын, ата-энемди тааныбайм, көргөн дагы эмесмин" деп жооп берип койчу. Жогорудагы табылган адамдын аты-жөнүн тактоо максатында тиешелүү органдарга багыттамалар жөнөтүлгөн. Ыкчам издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Сүрөттөгү адамды тааныган билген адамдар болсо аймактык милиция бөлүмүнө (102) билдирүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="134613,135459"]