"Мен эмне үчүн кетишим керек?". Бейшеналиев министрликтен кетпей турганын айтты
Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетпей турганын билдирди. Бүгүн, 5-февралда министрликтин имаратынын жанында анын кызматтан кетишин талап кылган митинг" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ministrliktin-imaratynyn-janynda-alymkadyr-beishenalievdin-kyzmattan-ketishin-talap-kylgan-miting-otty/">митинг өттү.
"Алар ким өзү? Мен эмне үчүн кетишим керек? Коррупционерди кызматтан алганым үчүнбү? Мурда жол берилип келген каталарды оңдоп, ишти туура кылган министр эмне үчүн отставкага кетиши керек?" - деп ачууланды Алымкадыр Бейшеналиев.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekov-kyzmatsyz-kalyshy-mymkyn-sebebi/">алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-4-oorukananyn-aldynda-medkyzmatkerlerdin-mitingi-otyp-jatat/">өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ministr-sabyrbek-jumabekov-kyzmatynan-boshotuldu/">алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sabyrbek-jumabekovdun-orduna-daiyndalgan-jany-direktordu-oorukanaga-kirgizbei-koyushtu-video/"> киргизбей коюшту.