Royal
SerepTV Logo

Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотту. Ал ден соолугуна даттанууда

Мелис Аспеков ачкачылыгын токтотту. Ал ден соолугуна даттанууда

Пара талап кылууга шектелип, 7 жылга эркинен ажыратылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jarandyk-aktivist-melis-aspekov-7-jylga-erkinen-ajyratyldy/">ажыратылган Мелис Аспековдон Акыйкатчыга кайрылуу түшкөн. Ал нааразылык иретинде 21-июнда анын иши каралып жаткан Бишкек шаардык сотунун отурумунда ачкачылык жарыялаганын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/shaardyk-sot-sudyany-almashtyruudan-bash-tartty-melis-aspekov-achkachylyk-jaryyalai-turganyn-aitty/">билдирген. Бул кадамын ал соттук териштирүүлөр бир тараптуу каралып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Буга байланыштуу Атыр Абдрахматова жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкектеги ТИЗО-1ге барып, Аспеков менен жолугуп келишкен.

"Сүйлөшүү учурунда ал жарыялаган кургак ачкачылыгын токтоткону белгилүү болду. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу даттанган, анткени жүрөк операциясынан кийин ал тиешелүү реабилитациядан өткөн эмес. Кардиологдун Аспековго койгон диагнозу өкмөттүн 2018-жылдагы токтому менен бекитилген “Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакка алууга тоскоол болгон оор оорулардын тизмесинде” каралган ооруга дал келиши мүмкүн. Ошондой эле, азыркы учурда эң маанилүүсү, акыркы жумада ал камалган камеранын кире беришине «уюлдук байланышты баскан» чоң аппарат орнотулганын, антенналары атайын анын камерасына багытталганын айткан", - деп айтылат маалыматта.