Abank
SerepTV Logo

Интернетте саясатчылар менен жарандык активисттердин сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат

Интернетте саясатчылар менен жарандык активисттердин сүйлөшүүсү делген аудио тарап жатат

Интернетте камактагы саясатчылар менен жарандык активисттер бийликти басып алуу менен баш аламандыктарды даярдап жатышкан делген сүйлөшүүлөрдүн аудио жазуусу жарыяланды.

Сүйлөшүүдөгү аудио жазуулардын биринде мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун делген адамдардын үнү угулуп жатканы айтылат. Алар митингди уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашат.

"Биз бир топ саясатчылар менен сүйлөшүп жатабыз. 2-3 күндүн ичинде биригүү деген сөздөр болуп жатат. Менин сунушум ДДКнын үстүнөн биригебизби бирдикте ошол саясатчылар же өзүнчө бир коом түзүп туруп, биригип туруп, иш башташ керек. Бир гана митинг өткөрүш керек. Башташ керек. Митингди башташ керек", - дейт Кубанычбек Кадыровдун үнү делген адам аудиодо. Жеңиш Молдокматовдуку делген үндүн ээси эл биригүүнү күтүп жатканын айтат. Ошол эле видеодо Адахан Мадумаровдун үнү делген да жазуу бар. Анда анын "эртең, дүйшөмбү күнкүгө чейин "Равшан мырза, Мамбетжунус мырза, Азимбек жана Клара айым - мына ушул 5 киши даярданышы керек" дегенин угууга болот.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева менен мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун сүйлөшүүсү жазылган делген видео да тараган.