Abank
SerepTV Logo

«Манас» аэропортунда Сеулдан биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алышты

«Манас» аэропортунда Сеулдан биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алышты
«Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан келген алгачкы каттамды оргуп чыккан суу менен салтанаттуу тосуп алышты. Кечээ, 11-июнда Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учак келип конду. Мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.
Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Сеул (Инчон) - Бишкек багыты жекшемби күнү, ал эми Бишкек - Сеул (Инчон) багыты дүйшөмбү күнү аткарылат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="185933,185931,185934,185935,185930,185932"]