Royal
SerepTV Logo

"Манас" аэропорту штабдын маалыматын четке кагып, Орусия ПЦР-тестти алып сала электигин билдирди

"Манас" аэропорту штабдын маалыматын четке кагып, Орусия ПЦР-тестти алып сала электигин билдирди
Бүгүн, 21-июнь күнү Республикалык штаб Кыргызстандан ПЦР-тести жок чыгууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kyrgyzstandyktar-pczr-testsiz-kaisy-olkolorgo-bara-alyshat/">тизмесин жарыялаган. Ага карабай Москва шаарына учуу үчүн Тамчы эл аралык аэропортунан ПЦР-тестти сурашканын, аргасыз сатып алышканы тууралуу окурман " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/eldik-kabarchy/eldik-kabarchy-tamchydan-moskvaga-ucharda-pczr-test-talap-kylyshty-argasyz-satyp-aldyk/">"Элдик кабарчы" рубрикасын айтып кайрылган. Окуя боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй түшүндүрмө беришти. "Негизи республикалык штаб Кыргызстанга кабыл алууда ПЦР-тестти жокко чыгаруу боюнча маалымат тараткан болушу мүмкүн. Анткени башка мамлекетке чыгуу үчүн ар бир өлкөнүн талабы болот. Кошуна болгон Казакстан менен Өзбекстан июндун башында гана ПЦР-тестти алып салды. Ал эми Орусия бул маселени чече элек. Орусияга барыш үчүн атайын "Путешествие без ковид" деген уюлдук тиркеме бар. Алардын сайтында деле ПЦР-тест талап кылынат деп жазылып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан. Айрым чет өлкөлөргө чыгууга ПЦР-тесттин талап кылынбай тургандыгы жөнүндө маалыматты тараткан республикалык штаб менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Штабдын социалдык тармактагы баракчасына да окурмандар Кыргызстандагы аэропорттон тестти сурап жатышканын айтып арызданышууда.