Royal
SerepTV Logo

Махачкала шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Махачкала шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды
Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды Red Wings Airlines авиакомпаниясы аткарат. Каттам жумасына 1 жолу – бейшемби күнү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат.