Royal
SerepTV Logo

Мадумаров сурактан чыга элек. Аны тарапташтары күтүп жатат

Мадумаров сурактан чыга элек. Аны тарапташтары күтүп жатат
Бүгүн, 21-январь саат 19:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы чакырган сурактан чыга элек. Ал суракка саат 15:00дө кирген. Саясатчыны имараттын сыртында кыштын суугуна карабай күтүп жатышат. Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/dagy-kelesiz-deshti-madumarov-suraktan-chykty/">келип жатат. 19-январда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/bytyn-kyrgyzstan-kairyluu-taratyp-madumarov-kol-koigon-protokoldun-kochyrmosyn-jaryyalady/">жарыялаган.