Royal
SerepTV Logo

Мадумаров кезектеги сурактан чыгып, тергөө амалдары бүткөнүн айтты

Мадумаров кезектеги сурактан чыгып, тергөө амалдары бүткөнүн айтты
Бүгүн, 25-январда саат 15:00гө чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгындагы кезектеги сурактан чыкты. Ал тергөө амалдары бүткөнүн билдирди. Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан бери дээрлик күн сайын сурак берүүгө келип" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/dagy-kelesiz-deshti-madumarov-suraktan-chykty/">келип жатат. 19-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кайрылуу таратып, протоколдун көчүрмөсүн жарыялаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/bytyn-kyrgyzstan-kairyluu-taratyp-madumarov-kol-koigon-protokoldun-kochyrmosyn-jaryyalady/">жарыялаган.