Abank
SerepTV Logo

Маданият министрлиги менен Дин иштери комиссиясынын кызматкерлери ак калпакчан жөө жүрүш өткөрүштү

Маданият министрлиги менен Дин иштери комиссиясынын кызматкерлери ак калпакчан жөө жүрүш өткөрүштү
Бүгүн, 5-мартта Бишкекте "Ак калпак" күнү калпак кийген мырзалардын жөө жүрүшү Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, маданий иш-чара Улуттук тарых музейинин астында уланды. Ага Маданият министри Алтынбек Максутов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев, майрамдын демилгечиси болгон кинорежиссёр Рысбек Жабиров катышты. Учурда Улуттук тарых музейинин астында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат. Ага калпактын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. Бүгүнкү иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштурду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="167247,167245,167246,167248,167249,167244"]