Маданият министрлиги депутаттын берген маалыматы чындыкка дал келбей турганын билдирли
Маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын албай жатышат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңешинин депутаты Кундузбек Сулайманов маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын ала албай жатышканын айтып чыккан.
"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маданият мекемелеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, ай сайын акча каражаттар өз убагында ачылган. Мыйзам тарабынан корголгон тиешелүү беренелер (эмгек акы, эмгек өргүү, коммуналдык чыгымдар) биринчи кезекте кечиктирилгис болуп каржыланат. Андыктан, эмгек акы жана эмгек өргүүгө чыкканда берилүүчү каражаттар берилбей атат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошондой эле, министрликке караган облустардагы медиа борборлор Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өтүп жаткандыгына байланыштуу алар Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатат. Тиешелүү юридикалык документтер таризделген соң, январь айындагы каржылоо ачылат. Акча бүгүнкү күндө даяр жана ал министрдин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.