Abank
SerepTV Logo

Маданият министринин 28 жаштагы жаңы орун басарынын өмүр баяны

Маданият министринин 28 жаштагы жаңы орун басарынын өмүр баяны

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин резюмеси.

Ал 1994-жылы 27-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. Билими жогорку. Бишкек гуманитардык университетинин колледжинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги (2013-жылы); Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин “Филология” адистиги (2017 -жылы); Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын “Мамлекеттик саясат жана башкаруу” адистиги (2021-жылы).
Эмгек жолу:
2016- 2017-жылдары - "Сентябрь" телеканалында кабарчы;
2018-2021-жылдары - Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында башкы адис;
2021-2022-жылдары -  “Азаттык Медиа” мекемеси, кабарчы.

Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси.