Ленин округу боюнча шайлоону өткөрүүгө канча миллион кетери айтылды
БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди кайра шайлоого канча акча сарпталарын эсептеди.
Бекитилген сметага ылайык, үгүт иштерине 13,2 миллион сом жумшалат. Башкармалыктын чыгашалары да каралган – шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды кошкондо 8 миллион сомго жакын сарпталат. Чыгымдарга техникалык колдоого тартылган адистеринин акысы да кирет.
Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/lenin-raionunda-jogorku-keneshtin-deputatyn-kaira-shailoo-10-sentyabrga-belgilendi/">белгиленген.