Ленин округу боюнча шайлоо. Саат 14:00гө карата 8524 киши добуш берди
28-май саат 14:00гө карата шайлоочулардын 6,82 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Бул 124 908 шайлоочудан 8524 адамды түзөт.
Бүгүн Бишкекте Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.