Abank
SerepTV Logo

Ленин округу боюнча шайлоо. БШК 22 талапкерди каттады

Ленин округу боюнча шайлоо. БШК 22 талапкерди каттады
16-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга белгиленген Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 22 адамды талапкерликке каттады. Аталган округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 киши арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды: 1. Алмаз уулу Аскар; 2. Токтогул Какчекеев; 3. Эртай Искаков; 4. Бакир уулу Турсунбай; 5. Сулайман Мамаев; 6. Жамалбек Ырсалиев; 7. Ыргал Кадыралиева; 8. Нургүл Сооронбаева; 9. Русланбек Тагаев; 10. Бакыт Шаршембиев; 11. Мурат Эсенаманов; 12. Аттокур уулу Илимбек; 13. Таалайбек Кермалиев; 14. Карачач Исмаилова; 15. Токтокүчүк Мамытов; 16. Руслан Ажыбеков; 17. Жеенбек Искендеров; 18. Абдивали Балтабаев; 19. Айбек Субанов; 20. Бактыбек Рысалиев; 21. Лейла Саралаева; 22. Эркин Булекбаев.