Abank
SerepTV Logo

Лейлекте 4 жаштагы кыздын мурдуна мончок тыгылып калган. Милиция кызматкерлери жардам көрсөттү (видео)

Лейлекте 4 жаштагы кыздын мурдуна мончок тыгылып калган. Милиция кызматкерлери жардам көрсөттү (видео)

Лейлекте милиционерлер 4 жашар кызга биринчи жардамды көрсөтүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Раззаков шаарында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү Ак-Босого айылында коомдук тартипти камсыздап жүрүп, 4 жашар кыздын мурдуна мончок тыгылып, кыйналып жатканын көрөт. Кичинекей кызга биринчи жардамды көрсөтүп, Раззаков шаарындагы райондук ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөтүп, кайра үйүнө жеткирип коюшкан.

Кыздын энеси милиция кызматкерлеринин иш-аракетине ыраазы болуп, ыраазычылыгын коомчулукка билдирип коюуну өтүндү.

width="560" height="322" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">