Лейлекте 10 жаштагы өспүрүм Куранды 2 жарым жылда толугу менен жаттаган
Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын 10 жаштагы тургуну Анас Гапаралиев 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.
Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду", - деп айтылат маалыматта.