Abank
SerepTV Logo

Кызамык, кызылча жана паротитке каршы эмдөөнү кайдан алууга болот?

Кызамык, кызылча жана паротитке каршы эмдөөнү кайдан алууга болот?
Кызамыкка, кызылчага жана паротитке каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрүнүн Улуттук календарына ылайык 12 айлык балдарга жасалат, 6 жашка чыкканда - ревакцинация жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык эмдөө жайларында бар. Балдарын кызамыктан коргогусу келген ата-энелер жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылышы керек. Эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор үчүн КПК ордуна ККВ (кызылча, кызамык вакцинасы) эмдөөсү жүргүзүлөт жана аны жекече гана алууга болот.