Abank
SerepTV Logo

Кытай дарыгерлерине көзгө операция жасатууну каалагандар кайда кайрылса болот?

Кытай дарыгерлерине көзгө операция жасатууну каалагандар кайда кайрылса болот?
Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытай Эл Республикасынан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат. "Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 23.07.23-08.09.23 (дүйшөмбүдөн жумага чейин) 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бейтаптарга маалымат үчүн - жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз болушу керек",- деп айтылат маалыматта.